XVI Евразия командалык олимпиадасындагы күмүш медаль

Мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасына профессор  А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин окуучулар командасы катышып,  күмүш медалды багындырышты.  Олимпиадага  Казакстан,  Тажикстан,  Өзбекстан жана Кыргызстандан   73 команда катышып, ар бир команданын курамы  үчтөн  окуучуну түзгөн.  Маалыматтык  сабаттуулугун,  маданиятын  жана информатика предметине болгон кызыгууларын ошондой эле  компьютердик моделдөө жана маалыматтык технологиялар жаатындагы эң таланттуу окуучулар арасында өз билимдерин сынап келишкен  Мананов Рамазан, Кадыров Адилхан, Жаникеев Саиддер менен сыймыктанабыз. Мектеп-лицейдин эле  эмес жалпы кыргыз элинин желегин желбиретип, атын чыгарышкандыктары жана олимпиадага таптаган устаттарына терең ыраазчылык билдирүү менен бирге талыкпас эмгек жана эрк каалайбыз. 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru