Дубал газеталар конкурсу

Жугуштуу илдеттердин бири болгон  СПИД/ВИЧ инфекциялык оорусу тууралуу УИТМЛдин 9-класстар арасында дубал газеталар конкурсу болуп өттү. Заманбап дүйнөдө жаш  өспүрүмдөргө академиялык билим берүү менен гана чектелбестен жогорку сапаттагы узак өмүргө эмне өбөлгө түзөрү жөнүндө да кошумча  билим берүүнү колго алуу жана оору балдардын көз карашында кандай чагылат деген максатта уюштурулган  дубал газеталардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду. 
Дубал газетанын эстетикалык көрүнүшү, маалыматтын көптүгү, оригиналдуулугу, креативдүүлүгү  сыяктуу  бир нече критерийлер менен каралып, жеңүүчүлөр аныкталды.
1-орунга  9-к, 9-з класстары
2-орунга  9-и классы
3-орунга  9-а, 9-б, 9-г класстары ээ болушту.
Орун алган класстарга жана активдүү катышкан  9-в, 9-д, 9-е класстарына мактоо барактары  тапшырылды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru