Улуттук адабият-маданият уңгусу
Декабрь айынын он экиси кыргыз элинин улуу залкары, ааламдын алпы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болсо, “Жашоодо миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм!”- деген ыр саптардын ээси, классик улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан. Бул күн кыргыз адабиятынын күнү катары белгиленип келет жана мектеп-лицейде салттуу түрдө белгиленет. Бул жылы “Улуттук адабият-маданият уңгусу” аттуу сахналаштырылган жарыш 10-класстар арасында уюштурулду. 10-г классы Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасынан үзүндү, 10-д классы Касым Тыныстановдун “Жаңыл Мырза” поэмасынан үзүндү, 10-ж классы Сыдык Карачевдин “Эркин тоо гезитинин уюштурулушу” чыгармасынан көркөм окуу, 10-б классы Аалы Токомбаевдин “Жараланган жүрөк” чыгармасынан үзүндү, 10-з классы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү, 10-и классы Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгын чагылдырып, 10-а классы Жоомарт Бөкөнбаевдин “ Чептен эрдин күчү бек” поэмасынын үзүндү, 10-в классы Кубанычбек Маликовдун “Балбай” поэмасынан үзүндүнү аткарышты.
Калыстар тобунун жыйынтыгы менен 1-орунга 10-г, 10-д класстары, 2-орунга 10-и классы, 3-орунга 10-а классы ээ болушту.
Чыгармадагы каармандардын образдарын жаратуу менен көркөм сөздүн, поэзиянын жана адабияттын сулуулугун даңазалап, жан дили менен катышкан бардык окуучуларга чыгармачылык ийгилик каалоо менен алдыңкы орунга озуп чыккан класстарга мактоо барактары ыйгарылды.