Сармерден 2024

Кыргыз элинин улуттук оюну, кыз-жигиттин  таймашы "Сармерден" оюну 7-а жана 5-б  класстарынын ортосунда уюштурулуп,  жогорку деңгээлде өттү.  Обондуу ырлар, табышмактар, макал-лакаптар, жаңылмачтар, акыйнектер айтылып, улуттук аспаптар ойнолуп, бий бийлешти. “Эрке кыз”  жана  “Эрке бала”  куюлуштуруп, кепти баптап, таптап сүйлөшүп,  кыздар менен жигиттердин ортосундагы таймашты курчутушуп, оюнду көркүнө чыгарышты.  Мектеп директору жана калыстар тобу окуучулардын сөзмөрдүгүнө, көркөм сүйлөө кебине, чыгармачылык таланттарына кубануу менен  аруу тилектерин арнашып, бири-биринен кем калбаган кыз-жигиттердин өнөрлөрү бирдей упайды багындырганы менен куттукташты.

Сармерден оюнун мугалимдер, окуучулар ошондой эле ата-энелер да көрүшүп, мектеп жамаатына өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru