Ачык эшик күнү
Бүгүн мектеп –лицейде билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда позитивдүү диалогдук формадагы ата-энелер үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Ата-энелер менен баарлашууда предметтерди өздөштүрүүдө дуушар болгон кыйынчылыктарды чечүүнүн натыйжалуу чечимдерин биргелешип издөө жана предметтик мугалимдердин көз караштарында ата-эне катары балдарга көрсөтүлүүчү жардамдар туурасында айтылып, мугалимдер менен жекече пикир алмашуу жүрдү. Жандуу жолугушуу кызыктар ата-энелер үчүн да педагогдор үчүн да окутуп-тарбиялоодогу олуттуу маселелерди чечүүнүн көпүрөсү боло алды.
Предметтик мугалимдердин пикири, кеп-кеңештери жана балдарынын жөндөмү туурасында кызыктуу маалыматтарга ээ болгон ата-энелер жалпы педагогикалык жамаатка ыраазычылыктарын билдиришип, жагымдуу эмоцияларын билдиришти.
Ачык эшик күнүнүн максаты ата-энелер менен кызматташууну күчөтүү менен бирге жандуу баарлашууну уюштуруу аркылуу ата-энелердин предметтик мугалимдер менен жакындан таанышуусун түзүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү болуп саналат.