Мугалимдер үчүн семинар

Мугалимдерге методикалык  колдоо көрсөтүү жана  билим берүүнүн талаптарына  ылайык педагогикалык технологияларды өздөштүрүү максатында математика, химия-биология, тарых-география, физика-информатика кафедралары үчүн “Окуп түшүнүү аркылуу окуучулардын өз алдынча  иштөөсүн өнүктүрүү”, орус тили, чет тили мугалимдери үчүн “Функциональная грамотность + 4 “к”. Методы Фейнмана и Эббингауза”, жаш мугалимдер үчүн “Педагогикалык этика” деген темаларда  семинарлар болуп өттү.  Семинарда окутуп-тарбиялоонун жаңыча усулдары каралып,  билим берүү мейкиндигинде заманбап балдардын критикалык ой жүгүртүүсүнө багыт берүүчү педагогикалык-методикалык маселелер талкууланып, жаш мугалимдерге кесиптик этиканын сырлары тууралуу  кызыктуу тажрыйба алмашуу жүрдү. Окуу жана окутуу ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү, педагогикалык компетенттүүлүктү жана кесиптик өсүү мотивациясын жогорулатуунун эффективдүү жолдору талкууланды.  

Өз методикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, мугалимдердин чыгармачылык  изденүүлөрүнө жол көрсөтүүгө  жардамдарын аябаган З. Женалиева, Б.Абдраимова, Р.Дабаева, Н.Табалдиева эжелерибизге мугалимдер жамааты тарабынан  жогорку деңгээлдеги семинар өтүп беришкендиктери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru