Сабаттуу мугалим
Мугалимдик кесипкөйлүктү даңазалоо жана өз билимин, тажрыйбасын сынап көрүү максатында жазма тилдеги сабаттуулугун аныктоочу “Сабаттуу мугалим” сынагы мектеп администрациясы тарабынан уюштурулуп, жалпы педагогикалык жамаат катышты. Сынакта Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романынан алынган “Кармаш” аталышындагы текст педагогдордон жат жазуу иши катары алынып, автордун лексикасында сабаттуу жазган мугалимдер аныкталды. 1-орунду тарых мугалими Эсенканова Гүлкайыр Баралбековна багындырып, IMAX кинотеатрына эки кишилик чакыруу барагына ээ болду. 2-орунду башталгыч класстын мугалими Абылкасымова Айпери Маёровна ээлеп, “Бублик” кофейнясына 1000 сомдук сертификатты багындырды. 3-орун орус тили жана адабияты мугалими Абдраимова Бактыгуль Увалеевнага ыйгарылып, “Раритет” китеп дүкөнүнө 500 сомдук сертификат тапшырылды. Кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгон педагогикалык жат жазуу сынагы педагогдордун позитивдүү пикирлерине арзыды.
Педагогикалык жат жазуу иши мектеп-лицейде мугалимдер арасында алгачкы жолу уюштурулуп, өткөрүлдү.