Эл аралык ЖАУТЫКОВ олимпиадасындагы жеңиш

Мектеп окуучуларынын арасындагы математика, физика, информатика боюнча XXI Эл аралык ЖАУТЫКОВ олимпиадасына профессор  А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинен үч  окуучу катышып, физика предмети боюнча Абдиев Аскар жана Анаралы уулу Эмир күмүш медалды багындырышса, информатика сабагынан  Джаникеев Саид алгачкы жолу катышып, дароо коло медалдын  ээси болууга жетишти.   15 өлкөдөн 700гө жакын мектеп окуучуларынын катышуусундагы олимпиадада  эки күмүш жана бир коло медалга жетишүү мектеп-лицейибиз үчүн өзгөчө сыймык  жана  мактанаарлык саамалык.   

Маалыматтык  сабаттуулугун,  маданиятын  жана фундаменталдык илимдер боюнча өз билимдерин сыноодо мектебибиздин эле  эмес жалпы кыргыз элинин желегин желбиретип, атын чыгарышкан Абдиев Аскарга, Анаралы уулу Эмирге жана Джаникеев Саидге, олимпиадага таптаган устаттарына терең ыраазчылык билдирүү менен бирге талыкпас эмгек жана эрк каалайбыз. 

Биз Сиздер менен  сыймыктанабыз!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru