Мектеп-лицейдин мыкты класстары
2024-2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча жогорку академиялык жетишкендиктерге ээ, мектеп дисциплинасын толук сактоо жана коомдук ишмердүүлүктү, позитивдүү моралдык чөйрөнү камсыз кылган класстарды аныктоо максатында уюштурулган “Мыкты класс” сынагынын жыйынтыгы чыкты. “Мыкты класс” деп 8-11-класстардын арасынан 1-орунду 11-б классы, 2-орунду 10-а классы, 3-орунду 11-в классы, ал эми 5-7-класстар арасында 1-орунду 6-д классы, 2-орун 5-б классы, 3-орунга 5-е классы татыктуу болду. Класстардын жетишкендиктерин баалоодо академиялык ийгиликтер, катышуу активдүүлүгү, үлгүлүү жүрүш-туруштарына басым жасалды.
Мыкты класс сынагы класстар арасындагы атаандаштыкты жаратуу менен бирге окуучулардын билим алуусуна болгон кызыгуусун арттыруу, өзүнө болгон ишенимин күчөтүү жана жакшы жетишкендиктерге жетүүгө стимул берүү жолу катары каралат.