Кыргыз тили жана адабияты декадасы
2025-жылдын 20-январынан 31-январына чейинки аралыкта мектеп-лицейде Кыргыз тили жана адабияты предметинин декадасы старт алды. “Илим менен билимге көпүрө -тил” аттуу декаданын ачылышында “Тилибиз барда Манасыбыз да, каадабыз да унутулбайт!” лозунгу астында мектептин базасындагы "Манас" эпосунун китептери көргөзмөгө коюлуп, окуучулар убактылуу пайдалануу укугуна ээ экендиги туурасында кабарланды. Кырыз элинин кол өнөрчүлүгүн, көчмөн жашоо образын чагылдырган "Кыргыз көчү" көргөзмөнү толуктап, эне тилдин баалуулугу, мурастан-мураска өткөрүп берүү маданияты, жоопкерчилиги туурасында насааттар айтылып, жаш калемгер, кеп маданиятын кадырлаган окуучуларды он күн аралыгындагы кызыктуу иш чараларга активдүү катышууга чакырды.Мугалимдер жана окуучулар үчүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр сүрөт аркылуу жашырылып, макалдарды графикалык формага алып келүү оюндары менен коштолду.