Тандем сабак
Немец тили мугалими Анипа Чороева жана физика мугалими Максат Турдумамбетов "Күн батареясы" деген темада тандем сабагын өткөрүштү. Сабакта күн батареясы менен байланышкан негизги терминдер жана түшүнүктөр баяндалып, физикалык принциптерди түшүндүрүү менен катар, немец тилинде сүйлөөгө жана ойлорун так, ачык жеткирүүгө басым жасалды. Физика мугалиминин көрсөтмөсүнө ылайык окуучулар күн нурунун жардамы менен энергия өндүрүүчү модель түзүшүп, күн коллекторлорунун артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө талкуулашты. Тандем сабакка 9-класстардан 16 окуучу катышты.
Күн батареясы жана эксперимент жүргүзүүгө керектүү жабдыктар, окуу материалдар мектеп-лицейге «ENABLING PV» коммерциялык эмес долбоору тарабынан өткөн жылдын октябрь айында берилген.