Үй-бүлө- тарбия берүүнүн негизги институту

Мектеп-лицейде “Үй-бүлө -тарбия берүүнүн негизги институту” аталышындагы ата-энелер чогулушу интерактивдүү форматта өткөрүлдү. Бала тарбиялоонун жол жобосу,  ата-энелердин өз ара ынтымагы, колдоо көрсөтүүсү, тарбия берүүдөгү ыкмалар, үйдөгү эмоционалдык-психологиялык жагдайлардын таасири туурасында чакан топтордо талкуулашып, өз ара пикир алмашышты. Азыркы балдардын балалык доору  менен өздөрүнүн бала кездериндеги турмуштук айырмачылыктарды жана артыкчылыктарды, кыйынчылыктарды салыштырышып, тарбия берүү чеберчилигинин татаалдыгына токтолушту.

Үй-бүлө тарбиясы — бул баланы  адам болуп калыптануусундагы эң маанилүү этап. Үй-бүлөдө жакшы тарбияны орнотуу баланын келечек жашоосуна жана анын коомго болгон мамилесине чоң таасир этет.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru