Бүгүн профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда «Мугалимдердин күнү» белгиленди

Бүгүн профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда «Мугалимдердин күнү» белгиленди. Жыл ичинде педагогикалык коллективдин окуу процессинде талбаган эмгектерин кѳрсѳтүп, айрыкча Электрондук китептерди түзүүдѳ, окуучуларды олимпиадага даярдоодо ѳздѳрүнүн үзүрлүү эмгектери менен айырмаланган педагогдорго Жогорку кеңештин «АРДАК ГРАМОТА», Билим берүү жана илим министрлигинин «АРДАК ГРАМОТА», «ЭЛ АГАРТУУНУН АЛДЫҢКЫСЫ» тѳш белгилери, Свердлов районунун «АРДАК ГРАМОТА», УКГнын «АРДАК ГРАМОТА» сыйлыктары тапшырылды.

Бул майрамдык иш чарага жогорку кеңештин депутаты Момбеков Рысбек Чыныбекович, Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна, Свердлов районунун акими Болотбеков Самарбек Болотбекович педагогикалык жамаатка ѳздѳрүнүн куттуктоо сѳздѳрүн айтып жатышып: «мындан аркы мугалимдик жумушта алдыңкы жетишкендиктерди каалашып, Улуттук компьютердик гимназиянын билим берүү жаатында салмагы кандай экенин, үлгү катары кыргыз тилдүү орто мектептердин алдыңкы педагогикалык аянтчага айланып үлгү боло тургандай жетишкендиктерди кѳрсѳтѳ тургандыктарына ишеним артышып мындан аркы ийгиликтерди» каалашты.

Маалымат: Кыргызстанда Мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет.

Бул туурасындагы токтомго 2014-жылы премьер-министр тарабынан кол коюлган.

1994-жылы 5-октябрь Дүйнөлүк мугалимдер күнү болуп бекитилгенден кийн 100дөн ашуун өлкөдө Мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет. Бул жалпы мугалимдердин, окутуучулардын жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы, анда мугалимдердин сапаттуу билим берүү процессиндеги ролу жана эмгеги, ошондой эле алардын коомдун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымдары белгиленет. Мугалимдер күнүн бекитүүнүн тарыхый өбөлгөсү болуп 1966-жылы 5-октябрда Парижде өткөн мугалимдердин статусу тууралуу өкмөт аралык атайын конференциясы эсептелет.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru