Күн батареясы- Solarzelle

PASCH проектисинин алкагында немец тили жана физика предметтеринин биргелешүүсүндө тандем сабагын өтүү уланууда. Бул жолкусунда мектеп-лицейибиздин немец тили мугалими   Аида Касымбекова жана физика мугалими Бермет Күрөнкеева 8-ж класска  «Күн энергиясы»  аттуу темада  сабак өтүштү. Сабактын негизги максаты күн энергиясына  байланыштуу лексиканы үйрөнүү, жаңыланма энергия жана айлана-чөйрөнү коргоо темаларына кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат. 16 окуучунун  катышуусундагы  сабакта  фотоэлектр системасы тууралуу  видеонун негизинде “Solar Koffer” кутусундагы материалдардын жардамында эксперимент жүргүзүшүп, энергияны лампалар аркылуу алууга жетишишти.Тандем сабагы  окуучулардын  тилдик мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө колдонуп, кеңейтип, бекемдейт.

Практика жүзүндө энергия өндүрүү жолу туурасындагы жаңы билимдерди тартуулаган мугалимдерибиз  окуучулардын физика илимине жана тил багытына бологон кызыгууларын ойгото алышты.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru