INFO(1)Cup- 2025 олимпиадасындагы жеңиш
Өспүрүмдөр арасындагы INFO(1)Cup- 2025 Эл аралык олимпиадасында мектеп-лицейибиздин куржуну коло медаль менен толукталды. Информатика предмети боюнча эл аралык аренадагы (20га жакын мамлекет) беделдүү олимпиадалардын бири болгон INFO (1) CUP жарышында жалпы Кыргызстан курама командасы 7 медаль утуп анын бирөөсүн биздин окуучубуз Джаникеев Саидге коло байгени багындырды.
Джаникеев Саид буга чейин XXI Эл аралык ЖАУТЫКОВ олимпиадасында да коло байгеге, XVI Евразия командалык олимпиадасында күмүш байгеге жетишкен.
Маалыматтык сабаттуулугун, маданиятын жана фундаменталдык илимдер боюнча өз билимдерин сыноодо мектебибиздин эле эмес жалпы кыргыз элинин желегин желбиретип, эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда байгелүү орундарды үзгүлтүксүз багындырып келген Джаникеев Саидге, олимпиадага таптаган устаттарына терең ыраазчылык билдирүү менен бирге талыкпас эмгек жана эрк каалайбыз.