“Патриоттук саптык даярдык жана саптык ыр” мелдеши
23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган “Патриоттук саптык даярдык жана саптык ыр” мелдеши 10-11-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлдү. Конкурстун калыстар тобун Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Щербовских Ольга Федоровна, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагери, полковник Мячин Анатолий Филипович жана мектеп-лицейдин администрациясы түздү. Мелдеште,
- Командирдин буйругунун коштоосунда саптык даярдыкты көрсөтүү.
- Жалпы командалардын саптык кадам менен салтанаттуу жүрүшү, калыстар курамына аскердик таазим берүү.
- Саптык ыр менен өтүү.
- Калашников автоматын толук эмес чачуу, чогултуу (ар бир командадан 2 катышуучудан) боюнча ат салышышып, жогорку деңгээлдеги даярдыкка бай, Мекен үчүн ак кызматын аябоого дилгир, кайратман, эр жүрөк улан-кыздардын бар экендигин тастыктап беришти.
Мелдеште өзгөчө кызыктуу учурду “Калашников автоматын толук эмес чачуу, чогултуу” түзүп, 1-орунду Асанбекова Азема (11-и), 2-орун Токталиева Элянора (11-е), 3-орунду Тагайкулов Султан (11-ж) ээледи. Жалпы жыйынтык менен 1-орунду 11-е классы, 2-орунду 11-и классы, 3-орунду 11-ж классы, кызыктыруучу орунга 10-и классы ээ болду.
Мелдештин негизги максаты 10-11-класстагы окуучулардын аскерге чейинки даярдыгын аныктоо жана патриоттук сезимдерин ойготуу менен 2009-жылы туулган уландардын Алгачкы аскердик каттоого коюлгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн салтанаттуу тапшыруу болуп саналат.