Биз бир өлкөнүн атуулдарыбыз
Жарандык биримдикти чыңдоо, патриоттуулукту өнүктүрүү жана өлкө ичиндеги ар түрдүү этностордун ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында 5-класстар арасында “ Биз бир өлкөнүн атуулдарыбыз” аталышындагы конкурс уюштурулуп, ар түрдүү улуттун саламдашуу адебин, маданий баалуулуктарын, музыкалык мурастарын чагылдырган чыгармаларын аткарышып, актёрдук чеберчиликтерин тартуулашты. Конкурста “Славян”, “Кавказ”, “Уйгур”, “Индия”, “Кыргыз”, “Өзбек”, “Түрк” улуттарынын маданий өзгөчөлүктөрүн ачып беришип, ар улуттун тилинде ырлар ырдалып, бийлер менен коштолду. 1-орунду 5-е классы, 2-орунду 5-з классы, 3-орунду 5-б классы ээледи.