Райондук олимпиададагы жеңиш

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн 2024-2025-окуу жылынын 18-19-февраль күндөрү Республикалык олимпиаданын райондук этабында мектеп-лицейибиздин намысын бул жолу 6 окуучубуз коргой алды. 1-орунду багындыргандар, физика предмети боюнча Абдиев Аскар Мелисбекович (11-б кл.), информатикадан Джаникеев Саид Бакытбекович (9-е кл.), 2- орундар биология предметинен Акбаралиев Адилет Чынгызович (10-д кл.), информатикадан Кадырова Айканыш Рүстөмбековна (11-г кл.), Абдырашов Амир Илисович (11-ж кл), орус тилден Орозбаева Алтынай Алмазбековна (9-а кл.) ээледи.  Райондук масштабдагы олимпиадада жеңишке жетишкен окуучуларыбыз үчүн облустук жана республикалык деңгээлдеги олимпиадага жигердүү даярдык көрүү боюнча шарттар түзүлүп, жеңүүчүлөрдү ар тараптан колдоо боюнча максаттуу иштер аткарылууда. Жогорудагы окуучуларыбыздан саналуу күндөр аралыгында өткөрүлүүчү олимпиадаларда өз билимдерин ийгиликтүү тастыктап келет деген үмүтүбүз чоң.

Урматтуу олимпиадниктер олимпиада – жаңы билимдерди ачып, өзүңөрдү сынап, максатка умтулуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ар бир тапшырмага көңүл коюу менен билимиңерди толук пайдаланууга чакырабыз!

Урматтуу кесиптештер, райондук масштабдагы олимпиадада ийгиликти багындырган окуучулар Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздердин, талыкпаган мээнетиңиздердин жемиши!

Сиздерге ден-соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

Мектеп администрациясы

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru