Билими күчтүү миңди жыгат
8-класстардын предметтер арасындагы билимдерин аныктоо максатында “Билими күчтүү миңди жыгат” аталышындагы сынак жарышы уюштурулуп, ар бир предметтин өзөгүн камтыган викториналык суроолордон турган интеллектуалдык оюндар ойнолуп, Пиза багытындагы суроолордун топтомдору талкууланды. Окуп түшүнүүгө карата “Маданият жана искусство” аталышындагы текст берилип, тексттин негизги оюн аныктоо, маанилүү маалыматтарды бөлүп алуу, логикалык байланыштарды көрүү, жыйынтык чыгаруу жана ой жүгүртүү техникасы боюнча бааланды. 1-орунду Кожонов Акниет (8-и кл.), 2-орунду Жаналиева Тумар (8-е кл), Абдыракманов Канатбек (8-и кл), Асыранбеков Даниель (8-г кл.) 3-орунду Жапаров Али (8-б кл.) ээледи. Сынакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Жусубалиева Айгүл Сыдыковна жана география мугалими Осмоналиева Анархан Аманбековна уюштурушту.