Биздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр - Our Successful Graduates
Ага Хан Фонду тарабынан уюштурулган «Мектептер-2030» проектисинин алкагында англис тили мугалимдери Айтбаева Айчүрөк Жолдошевна жана Алымкулова Гүлжан Боскуновнанын жетектөөсү астында “Биздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр” аталышындагы кече уюштурулуп, өз тармактарында таасирдүү жетишкендиктерди көрсөтүп келген бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу орун алды. Окуучулар ийгиликтүү болуунун сырлары жана кыйынчылыктары туурасында бир нече суроолорду узатышып, коноктор тарабынан максат коюу жана ага жетүү, өзүнө ишеним артуу сыяктуу дем берүүчү кеңештер айтылды. Мектеп окуучулары тарабынан англис тилинде музыкалык жандуу ырлар ырдалып, каалоо тилектер айтылды.
2003-окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты тейлөө фондунда эмгектенген Шыгайбаева Гулайым, Кытай Эл Республикасында эмгектенген Осмоналиева Айзат, 1994-окуу жылында аяктаган, учурда Лингва окуу борборунда жана Бишкек Гуманитардык Университетинде эмгектенген Абдышева Чынара конокто болду. Кечеге Ага Хан Фондунун Чүй-Бишкек аймагы боюнча координатору Токторбаева Асылгүл айым да катышты.