Экологиялык билимдердин булагы- Китептер

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык  экология,  аймак таануу жана туризм борбору менен биргеликте УИТМЛдин “Жаш экологдор-туристтер” ийриминин окуучулары жана ийрим жетекчиси Токтоналиева Айша Соотбековнанын жетектөөсү астында  "Экологиялык билимдердин булагы- Китептер " темасынын алкагында  Бишкек шаарындагы 17-китепканага саякатка чыгышты. Китепканадагы ресурстарды колдонуу  тартиби, жаңы китептерди табуу, маалымат издөөнүн жолдорун өздөштүрүү, китепкананын кызматтары жөнүндө түшүнүк алуу жана чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө  карата даяр мүмкүнчүлүктөрдү  пайдалануу тууралуу маалыматтарга ээ болушту. Экологиялык маселелерди камтыган  окуу китептеринин топтомдору менен таанышышып, изилдөө иштерине зарыл болгон, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган китептерди тизмектешти. 

Экологиялык китептер-жаратылыштын байлыктарын сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга, экологиялык көйгөйлөрдү таанып-билүү менен алдын алууга үндөйт.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru