Педагогикалык практика
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенттери Беркуталиева Дильназ жана Орозматова Арзыгүл мектеп-лицейибиздин 7-класстары арасында "Акыл таймаш" интеллектуалдык оюнун уюштурушту. Оюн 3-раунддан туруп, 4 команда катышты. Жыйынтыгында 7-ж класстын "Эки дос" командасы 1-орунга, 7-б классынан "IQ-300" командасы 2-орунга, 7-в классынан "Бешбармак" командасы 3-орунга жетишишти.
Оюндун жүрүшүн И.Арабаев атындагы КМУнун ЖМТИнин ББМТ кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу Эсенгулов Уланбек Акбагышович жана УИТМЛдин информатика мугалими Асаналиева Чолпон Зарылбековна көзөмөлдөп, калыстык кылышты.
Педагогикалык теория менен практиканы айкалыштыруу практиктердин иш тажрыйбасын байытуу менен бирге окуучулар менен иштешүү көндүмдөрүн жакшыртып, педагогикалык компетенциясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.