Ата-энелер чогулушу
Профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛде окуучулар арасындагы зордук-зомбулуктун жана окуучулардын психотроптук заттарды колдонуусун алдын алуу максатында “Баңги заттардын, психотроптук заттардын зыяндуулугу”, “Зордук-зомбулук”, “Рэкетчилик” темалары боюнча жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Күн тартиби боюнча ата-энелер чогулушун алгач мектеп-лицейдин директору М.Б.Асанова зордук-зомбулук, рэкетчиликти алдын алуу боюнча сөз сүйлөп, ачып берди.
КРнын ИИМдин БМЖКККнын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштери боюнча ага ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Умида Исматова “Баңги заттардын, психотроптук заттардын зыяндуулугу” темасы боюнча ата-энелерге кенен маалымат берип өттү.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ЖЖЖинин башчысы милициянын подполковниги Акбашев Нурбек Эрикович, Свердлов РИИБдин КККнын ЖЖИнин аймактык улук тескөөчүсү, милициянын капитаны У.Т.Токтомамбетов жана мектеп-лицейдин ТИ боюнча д.о. б. Н.Т.Табалдиева “Зордук-зомбулук”, “Рэкетчилик” темалары боюнча окуучулар арасындагы зордук-зомбулук, рэкетчиликти алдын алуу максатында ата-энелерге маалыматтарды берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп өтүштү.