Мыкты окурман

Кыргыз жазма адабиятынын роман жанрынын баштоочусу Мукай Элебаевдин “Узак жол” романын окуу боюнча педагогдор арасында “Мыкты окурман” конкурсу жарыяланып, көпчүлук мугалимдер катышышты. Мыкты окурманды тандоо максатында жалпы романдын мазмунун камтыган 150 суроо түзүлүп, 90 мүнөт аралыгында 80 суроого туура  жооп берген жеңүүчүлөр аныкталды.

1-орунду математика мугалими Керимканова Апал Абдырашитовна жана башталгыч класс мугалими Абылкасымова Айпери Маёровна ээлешти. 2-орун орус тили жана адабияты мугалими Камчыбекова Гүлшаир Сагынбековнага, 3-орун математика мугалими Таалайбек кызы Гүлбарчынга ыйгарылды.

“Узак жол” романы  кыргыз элинин башына түшкөн 1916-жылдагы оор трагедиялык тагдырды, падыша өкмөтүнүнүн кысымы жана Кытайга качып, кыргынга учураган тарыхый чындыкты чагылдырат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru