4-март Мектеп-лицей күнү
4-март Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы №98 Токтомуна ылайык Бишкек шаарындагы "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясы" "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" деп кайра атоо жөнүндөгү макамы кабыл алынган күн болуп саналат.
Бир кылымдык тарыхка бай мектебибиз 1926-жылы "Таштак орто мектеби" атында Москва-Герцен көчөсүнүн кесилишиндеги имаратта, эки класстык бөлмөдө уюштурулган. Таштак жети жылдык орто билим берүү мектебинде 6 мугалим эмгектенип, 67 окуучу окуган. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн саны он жетини түзгөн. 1946-1966-жылдары Москва-Герцен көчөсүнөн М.Абдыраев атындагы музыкалык мектебине, андан «Юный техник» клубуна, андан №3 орус мектебине, андан Совет көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу имаратка көчүрүлөт.
Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1990-жылы 16-августтагы чечими менен №5 мектеп-гимназиясы болуп уюшулган. 1997-жылы 6-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «Улуттук компьютердик гимназия» болуп уюшулган. 2011-жылы Улуттук компьютердик гимназияга ушул мектептин бүтүрүүчүсү, экономика илимдеринин доктору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы берилген.
Бул күндүн урматына таң эрте мектеп-лицейдин Гимни жаңырып, бардык класстарда “Билимдерди уютуп, кылым карыткан мектебим” темасындагы тарбиялык сабак менен башталды.