Ак калпак күнү

Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган  улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү  бүгүнкү  окуу күнүбүздү ачып, мектеп ичинде комузда кол ойнотуп, күүлөр чертилди. Музыкалык жандуу ырлар ырдалып, мектеп жетекчиси Асанова Мелискан Биримкуловна Ак калпак-байыртадан бери элибизде ыйык мурас катары укумдан-тукумга өткөрүлүп келе жаткан улуу дөөлөт экендигине токтолуп, жалпы мектеп жамаатын куттуктады.

Бул күнү башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп, көпчүлүк окуучуларыбыз улуттук колориттеги кийимдерди кийинишип, элибиздин мурастарына болгон урматтоосун даңазалашты. Мектеп ичинде улуттук майрам “Ак калпак” күнү менен бири-бирин кызуу куттукташып, жагымдуу атмосфера өкүм сүрдү.

Ак калпак – бул жөн гана баш кийим эмес, ал биздин улуттун жүзү, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас. Ак калпак–тазалыктын, ар-намыстын жана кыргыз элинин биримдигинин символу.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru