"Манас" театрына саякат

"Манас" эпосун келечек муундарга таанытуу, патриоттук сезимдерин ойготуу максатында “Манас таануу” кружогунун жетекчиси Калил уулу Асаналы менен башталгыч класстын мугалими Асанкадырова Гүлүмкан Асанкадыровна 4-а классын  белгилүү манасчылар жана манасчылардын ыйык ордосу “Манас” театры менен тааныштыруу максатында экскурсияга алып барышты. Белгилүү манасчы Рысбай Исаков театрдын концерттик сахнасы, китепканасы менен тааныштырып, улуу манасчылар жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. Сахнада өзү менен кошо окуучуларды отургузуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен бирге  эпостогу үзүндүлөрдө баяндалган окуяларды чечмелеп берди. Театрдын китепканасындагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги жана башка  кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармалары менен таанышышып, бала манасчы Үмөттүн айтуусундагы эпостон  үзүндүнү видео форматта  көрүштү.

Театрга окуучулардын саякаттоосу  балдардын маданий деңгээлин көтөрүп, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырууга чоң мүмкүнчүлүк боло алат. Театр – бул жөн гана көңүл ачуу жайы эмес, ал тарбиянын, руханий баалуулуктардын жана искусствонун маанилүү борбору болуп саналат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru