Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар!
Урматтуу кесиптеш айымдар!
Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздердин мээнетиңиздер, билимиңиздер жана боорукерлигиңиздер миңдеген жүрөктөрдү жарык кылып, балдардын келечегине жол көрсөтүп келет.
Сиздердин эмгегиңиздер ар дайым бааланып, окуучуларыңыздар ийгиликтер менен кубантып турсун! Ден соолук, бакыт, түгөнгүс дем-күч жана чыгармачылык шыктын коштоосунда дагы көп жылдар бою жаш муундарды тарбиялай бериңиздер!
Кымбаттуу апалар, эжелер жана кыздар!
8-Март – бул назиктиктин, сулуулуктун жана мээримдүүлүктүн күнү! Сиздерди ушул керемет майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар бир күнүңүздөр кубанычка, сүйүүгө жана жылуулукка толсун. Ден соолук, бакыт жана ийгилик ар дайым жаныңыздарда болсун!
Майрамыңыздар кут болсун!
Мектеп администрациясы