Менин келечектеги үйүм

Мектеп фойесинде 9-класстардын технология сабагынын алкагында "Менин келечектеги үйүм"  долбоорунун жыйынтыгы боюнча  көргөзмө уюштурулду. Анда окуучулар өздөрүнүн креативдүү долбоорлорун жана моделдерин сунушташып, келечектеги үйлөрүнүн дизайнын  макет аркылуу беришти.

Долбоорлорду сунуштоо учурунда окуучулар ар кандай материалдардан жасалган үй моделдерин, ошондой эле келечектеги үйдүн уникалдуу өзгөчөлүктөрүн (заманбап системалар, интеллектуалдык технологиялар ж.б.) көрсөтүштү. Көргөзмө көрүүчүлөргө инновациялык жана экологиялык жактан туруктуу үйлөрдүн идеяларын бере алды.

"Менин үйүм" долбоорунун максаты, окуучулардын чыгармачылыгын жана технологиялык билимдерин  арттырып,  үйдүн дизайны жана архитектурасы жөнүндө ойлонууга, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга шыктандыруу жана  багыттоо болуп саналат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru