Электрондук каттоо 2025

 

Урматтуу Ата-эне!

 

       Сиз балаңызды  Профессор А Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык техноогиялар мектеп-лицейине электрондук кезек боюнча  ийгиликтүү каттоодон өткөн болсоңуз, балаңыздын документтерин кабыл алуу 2025-жылдын 4-июнунан 10-июнуна чейин жүргүзүлөөрүн кабарлайбыз.

Сураныч, тиешелүү документтерди аталган мөөнөттө  тапшырыңыз!

 
Кабыл алууга төмөнкү документтер керектелет:
 
 1. Өздүк дело (А5 форматта)
2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
3. Ден соолугу тууралуу справка (форма №63,№26)
4. Жашаган жеринен справка
5. Ата-эненин арызы
6. Баланын ИИН  көчүрмөсү
7. Ата-энесинин паспортунун көчүрмөлөрү
8. 3,4 өлчөмүндөгү сүрөт (4 даана) 
9. Папка файл 20 барактуу (1 даана)

 

 

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине

1-класска кабыл алуу 

электрондук форматта жүргүзүлөт! 

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) каттоо;
  • II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) каттоо.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы  катташат.

1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу; 

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru