Командалык окутуу ыкмасы
УИТМЛдин немис тили мугалимдери Майрам Касаболотова жана Аида Касымбековалар PASCH проектиси менен иштеген мектептер үчүн «Team Teaching» долбоорун ишке ашыруунун алкагында B1, B2 деңгээлиндеги немис тили боюнча DaF сабагында методика жана дидактика боюнча тажрыйба алмашуунун үстүндө иштеп келишет. Бул долбоор мугалимдердин иш тажрыйбасын байытуу менен өзү иштеген мектептердеги мугалимдерге өздөштүргөн методикаларын жайылтуу болуп саналат.
Мектеп жамааты үчүн «Командалык окутуу» темасында PASCH мектебинин мультипликаторлору Майрам Касаболотова жана Аида Касымбековалар семинар уюштурушту. Семинарда командалык окутуунун ыкмаларына практикалык форматта талкуу жүргүзүлүп, окутуу жана байкоо жүргүзүү, сабактан кийинки талдоо, жалпы билим берүү, окутуу станцияларын туура колдонуу боюнча педагогикалык көз караштар ортого салынды.
Эки же андан көп мугалимдердин биргелешип сабак өтүү ыкмасын пландоо менен командалык окутуу ыкмасын жайылтуу сунушталып, көпчүлүк мугалимдердин колдоосуна арзыды.