Немис тили республикалык олимпиадасы
Казакстан Гёте-Институту тарабынан уюштурулган немис тили республикалык олимпиадада УИТМЛдин 9-10-классынын окуучулары 5 байгелүү орунду багындырышты. 14 жаштан 17 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр немис тилинин А2 жана В1 деңгээлдери боюнча билим сынашып, А2 деңгээлинен 1-орун 9-к классынын окуучусу Осмоналиев Умар, 2-орун 9-к классынын окуучусу Курмангалиев Султан ээледи. Окуткан мугалими Чороева А.К.
В1 деңгээли боюнча 1-орун 9-к классынын окуучусу Бекташова Акылай мугалими Чороева А.К. 2-орун 10-г классынын окуучусу Кааров Кумарбек, 3-орун Пак Даниэль, мугалими Касаболотова М.У.
Немис тили боюнча олимпиадада татыктуу орундарга жетишүүгө устаттык салым кошуп, педагогикалык мээримдерин жана билимдерин жеткиликтүү берүү менен окуучуларыбыздын немис тили багытында чыгармачылык талантын ачууга салым кошкон кесиптештерибизге ийгилик жана талыкпас эмгек каалайбыз.
Мектеп администрациясы