Олимпиада — билим менен жеңишке жол

Бишкек шаарындагы  Ала-Тоо эл аралык  университетинде дүйнөлүк жана башка эл аралык масштабдагы олимпиадаларга тандоо сынагы өтүп,  Кыргызстан боюнча эң мыкты 51 окуучу физика предметинен күч сынашты.  Эң мыкты 5 окуучу тандалуучу олимпиадада УИТМЛдин 11-классынын окуучусу Абдиев Аскар 66.8 упай менен Парижде өтүүчү дүйнөлүк (IPhO) жана Сауд Аравиясынын Дахран шаарында өтүүчү Азия олимпиадасына (APhO) катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Олимпиададагы Абдиев Аскардын жеңиши башка окуучуларыбыз үчүн үлгү жана анын  талыкпаган эмгегинин, эркинин жана тынымсыз аракетинин жыйынтыгы. Аскардын ийгилиги мектеп үчүн өзгөчө сыймык, мекенибиздин келечеги үчүн чоң үмүт.  Бул  жеңиш Абдиев Аскардын устатынын да жеңиши. Сиздерге ийгилик, дагы да жеңиш жана ден соолук тилейбиз.

Мектеп жамааты

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru