Космос – эр жүрөктүүлөрдүн жеңиши

12-апрель - Космонавтика күнүнө карата мектеп-лицейибиздин таланттуу окуучулары Ч.Айтматов атындагы китепканага концерттик программа менен барышып, ардагерлерге майрамдык маанай тартуулашты.

Космос темасына  байланышкан чыгармаларды көркөм окушуп, комузда кол ойнотуп, күү чертишип, музыкалык ырларды, бийлерди аткарышты.

Ардагерлер адамзат тарыхындагы илимдин, кыялдын жана эр жүрөктүүлүктүн жеңиши катары кабыл алынган, бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү Космонавтика күнү жана советтик космонавт Юрий Гагарин тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришип,  космонавт болуу үчүн математика, физика, биология, инженерия сыяктуу илим-билим зарыл экендигин белгилешти.

Окуучулардын концерттик программасынан эргүү алган ардагерлер өз алкоолорун билдиришип, ар бир ишти  жасоодо  космоско учкандай чоң жетишкендикке жетем десеңер Юрий Гагарин сыяктуу күлүп, ишенимдүү кадам таштагыла деген насааттарын айтышты. 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru