Этно кече- Улуттук баалуулуктар
"2025-жыл Улуттук нарк-улуттун уңгусу" жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору жана мектеп жетекчилигинин биргелешүүсү алдында УИТМЛдин Жаш экологдор-туристтер ийриминин окуучулары "Улуттук кыргыз баалуулуктары” аталышындагы этно кече уюштурду.
Этно кечеде боз үй тигүү боюнча мастер-классты Рыскулов Уланбек Калыбаевич өтүп, окуучуларга боз үйдү туура тигүү жана жабдыктарынын аталышы туурасында көрсөтүп берди.
Ийримдин окуучулары улуттук суусундуктардын организимге тийгизген таасири жана жасалыш технологиялары туурасында баяндашып, улуттук оюндардын катарын толуктаган чүкө оюну ойнолду. Этнокече мектеп-лицейдин биринчи корпусунун аянтчасында уюштурулуп, география мугалими жана ийрим жетекчиси А.С.Токтоналиева жетектеди.