Улуттук нарк-улуттун жүзү
Бүгүн УИТМЛдин башталгыч класстар корпусунда маданият кафедрасынын декадасынын жабылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш чарада Мамлекеттик Туу көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып, жандуу ырлар аткарылып, бийлер бийленди.
Апрель айынын он күн аралыгында декаданынын алкагында аткарылган кароо-сынкатардын жыйынтыктары чыгарлып, бир нече окуучулар мектеп-лицейдин ардак грамоталарына ээ болушту.
"Жаратылыш жана Искусство" темасында өзгөчө креативдүү жасалган 8-г классынын окуучулары Кенжебекова Роза, Жекшенкулова Бурулсун, Акимбаева Каныкейдин макеттери мыкты деп табылды. "Эко кыргыз айылы" боюнча асма аркан жолду мотор менен иштетүү жана суунун басымы аркылуу иштей турган таштанды чогулткуч машинасынын макети үчүн Тасмабеков Ийгилик Мукалаев Канатбек сыйланды. “Келгин куштар” ачык асман алдында сүрөт тартууда 5-а, г, 6-г, з класстары 1-орун, 5-б, 6-а, ж классы 2-орун, 5-ж, д, 6-е, в, д класстары 3-орунду ээлешти.
Маданият кафедрасынын декадасы чыгармачыл окуучулар үчүн өзгөчө жаратмандык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, таланттарын ачууга, кесип тандоого, ички эмоциялык сезимдерин билдирүүгө ылайыктуу учур боло алды. Декада "Улуттук нарк-улуттун жүзү" деген темада жабылды.