PISA: Билимди колдонууга үйрөн
2025-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки аралыкта өтүп жаткан эл аралык PISA изилдөөсү боюнча УИТМЛден 42 окуучу тестирлөөгө катышты. 21 окуучу эртең мененки саат 7.30 га ал эми калганы саат 12ге киришип, өз функционалдык сабаттуулуктарын жана алган билимдерин практика жүзүндө колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн аныктоочу тестти электрондук форматта тапшырышты.
Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык PISA программасына катышууга көрүлгөн даярдыктар жана окуучулардын тест тапшыруу учуру менен жакындан таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абакиров Элдар Курманбекович келип, процесстин жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Билим берүү жаатындагы мындай маанилүү эл аралык изилдөөлөрдүн Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп жаш муундун дүйнөлүк деңгээлдеги билим сапатын баалоого жана өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадам экедигин белгиледи.
PISA тестинде предметтер боюнча эки сааттык тестирлөө жана жарым сааттык анкета жүргүзүлүп, катышкан окуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.PISA изилдөөсүнө катышуу менен Кыргызстандын билим берүү системасы кайсы өнүгүү баскычыда экендиги аныкталат.