Ордо: тектүү оюн, көөнөрбөгөн мурас
Кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири болгон “Ордо” оюну мектеп-лицейдин спорт аянтчасында 7-класстардын эркек балдарынын арасында өткөрүлдү. Иш-чараны дене тарбия мугалимдери Садиров Мухтар, Ырысбаев Кылычбек жана Сабыр уулу Жайлоо уюштуруп, оюн эрежелери жана коопсуздуктары менен алдын ала тааныштырышты.
Окуучулар оюнга жигердүү катышып, таймаш учурунда өз ара ынтымакты, тактыкты жана ыкчамдыкты көрсөтө алышты. Ар бир команда жеңишке жетүү үчүн стратегиялык жүрүштөрдү колдонуп, атаандаштык маанайда оюнду кызыктуу өткөрүштү.
Иш-чаранын соңунда 7-г классы 1-орунга, 7-д классы 2-орунга, 7-б классы 3-орунга ээ болуп, активдүү катышкан балдарга мактоо баракчалары тапшырылды. Бул оюн окуучуларга улуттук маданиятты сыйлоону, саламат жашоого умтулууну жана достук мамилелерди чыңдоону үйрөттү.