Космонавтика күнү

Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Щербовских Ольга Федоровна баш болгон ардагерлер мектеп-лицейдин фойесинде уюштурулган "12-апрель Космонавтика күнү” көргөзмөсүнө катышышып, окуучулардын эмгектерине баа беришти.

Окуучулар тарабынан жасалган макеттер жана сүрөттөр негизги экспонаттар болуп, космос темасына арналган. Макеттерде  космонавттардын космоско учуу процессин, космос каражаттарын жана планеталарды көрсөтүүчү моделдердин ар кандай түрлөрү орун алып, астрономия, планеталар жана жердин космос менен байланыштагы аспекти боюнча өз ойлорун иш жүзүндө чагылдыруу үчүн чыгармачылык менен иштелген.

Ардагерлер макеттердин жана сүрөттөрдүн сапатын, алардын космос темасына терең мамилесин жана изилдөөлөрүн жогору баалап, окуучулардын эмгектери дүйнөдө болгон космонавтика тарыхындагы маанилүү окуяларды чагылдырууда айрыкча өзгөчөлөнүп жаткандыгын белгилешти.

Көргөзмөгө эң мыкты макеттерди жана сүрөттөрдү алып чыккан  6-г классы 1-орунду, 6-е классы 2-орунду, 6-ж классы 3-орунду, 6-з классы 4-орунду ээлешти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru