Жаңы Муун жаштар форуму
Кыргыз-Орус Славян университетинде өткөрүлгөн өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелерин талкуулоого арналган «Жаңы Муун» жаштар форумуна мектеп-лицейдин окуучулары катышышты.
Форум Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, укук бузууларды алдын алуу боюнча лекциялар окулуп, талкуулар жүрдү. Келечек муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана алардын коом алдындагы жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү интерактивдүү сессияларга окуучуларыбыз активдүү катышышты.
Иш-чара окуучулардын мыйзамдуулук жана жарандык жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтип, өз укуктарын жана милдеттерин таанып-билүүсүнө өбөлгө түздү. Форумдун жүрүшүндө өспүрүмдөр чыныгы жашоодогу укуктук кырдаалдарды талкуулап, алар боюнча өз ойлорун билдирүүгө жана суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.