Акыл менен куралган жеңиштер
2024-2025-окуу жылынын Республикалык жана Улуттук предметтик олимпиадаларында Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин окуучулары Абдиев Аскар, Джаникеев Саид физика-информатика предмети боюнча билимдерин сынашып, мектептин намысын коргоо менен бирге сапаттуу билим берүү системасын бүтүндөй Кыргызстанга тастыктай алышты.
11-класстын окуучусу Абдиев Аскар Республикалык жана Улуттук олимпиадада физика сабагынан 1-орунду камсыздаса, 9-класстын окуучусу Джаникеев Саид Улуттук олимпиадада информатика сабагынан 3-орунду ээледи.
Бул жетишкендиктер мектеп-лицейдин жогорку деңгээлдеги педагогикалык жамаатынын жана окуучулардын үзүрлүү эмгегинин жемиши болуп саналат. Абдиев Аскар жана Джаникеев Саид өзүнүн татыктуу билими, туруктуу аракеттери жана жоопкерчиликтүү мамилеси аркылуу мектеп жамаатына чоң сыймык алып келишти. Аскар менен Саиддин ийгилиги жаш муундар үчүн чоң үлгү болуп, келечектеги изилдөөчүлөрдүн жана илимпоздордун катарын толукташат деген ишеничтебиз.
Бул зор ийгиликтин аркасында, албетте, өз ишин мыкты билген, шыктандырып, дем берген устаттар турат. Абдиев Аскар менен Джаникеев Саиддин жетишкендиктери алардын билимге болгон умтулуусу менен катар, мугалимдердин терең билимин, сабырын жана кесипкөйлүгүн айгинелейт.
Физика жана информатика сыяктуу татаал багыттарда жогорку даражадагы натыйжаларга жетишүү — бул талыкпаган окутуу, туура багыт берүү жана сапаттуу билим берүү методдорунун жемиши.
Ар бир ийгиликтүү окуучунун артында жан дили менен иштеген мугалим турат. Ийгиликке жетелеген устаттарга терең ыраазычылык билдиребиз!