Башталгыч класстар декадасы
УИТМЛде башталгыч класстар кафедрасынын декадасы 14-апрелден 26-апрелге чейин өтүп жатат. Окуу ишмердүүлүгүн жана окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү темасынын алкагында өз ара сабактарга катышуу, тажрыйба алмашуу боюнча иштер пландалып, билим берүү методологияларын жакшыртуу, инновациялык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша сабактарды иштеп чыгууга карата педагогикалык кызматташтык орун алат.
Декаданын максаты — башталгыч класстагы окуу процессинин сапатын жакшыртуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана алардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутууну уюштуруу болуп саналат.
Декада учурунда уюштурулган иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдү ар тараптан өнүктүрүүгө багытталып, чыгармачылык, жаратмандык шыктарын ойготууга, креативдүү жазуу, сүрөт тартууга, театрлаштырылган ролдорду аткарууга мүмкүнчүлүк берилет.