Келгин куштардын жашоо турмушун изилдөө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык  экология,  аймак таануу жана туризм борбору менен биргеликте УИТМЛдин “Жаш экологдор-туристтер” ийриминин окуучулары бул жолу Бишкек шаарынын чет жакасындагы Озерное көлүнүн жээгиндеги келгин куштардын жашоо турмушуна изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөө  учурунда окуучулар атайын даярдалган бинокль жана башка байкоо шаймандарынын жардамы менен куштардын жүрүм-турумун узак убакыт бою көзөмөлдөшүп, алардын жаратылыштагы экологиялык өзгөчөлүктөрүн жана миграциялык жүрүм-турумдарын терең талдап чыгышты. Байкоо шаймандары аркылуу келгин куштардын түрлөрүн аныкташып, алардын ошол маалдагы жүрүм-турумун толук баалоо менен көлдүн жээгинде уя куруп жатканын, кайсы куштар же топтор азык издеп суунун үстүндө учуп жүргөнүн байкашты.

Изилдөө иши боюнча чогулткан иштери, сүрөттөрү жана байкоо материалдары менен өз ара талкуулашып, келгин куштардын экологиялык жана биологиялык ролун терең түшүнүү менен экосистеманын туруктуулугун сактоо үчүн келгин куштарды жана алардын жашоо шарттарын коргоо керек экендигин ачып беришти.

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru