Олимпиада — билимге болгон умтулуубуздун күзгүсү
Кыргызстан эл аралык университетиндеги англис тили боюнча шаардык олимпиадада мектеп-лицейибизден 22 окуучу катышып, 1-турда 7 окуучу, 2-турда 5 окуучу, финалда 3 окуучубуз байгелүү орундарды багындырышты.
Бишкек шаары боюнча 150 окуучу катышкан олимпиадада 1-орунду ээлеген Рыскелдиев Эсенге, 2-орундагы Мамытов Улукбек, Рыскелдиев Аманга аталган университетте билим алууга 10% жеңилдетилген сертификат тапшырылды.
Олимпиаданын жүрүшүндө окуучулардын англис тилиндеги грамматика, сөз байлыгы, угуу жана жазуу жөндөмдөрү ар тараптан бааланып, ар бир тур өзүнчө сынак катары өткөрүлүп, катышуучуларга логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү талап кылган тапшырмалар берилди.
Финалдык этапта өзгөчө активдүүлүк жана жогорку даярдык көрсөткөн окуучуларга университеттин 10% жеңилдик берген сертификаттары окуучуларыбызга мотивация берип, билимге жана максатка умтулууга шыктандырды.
Олимпиадага даярдаган англис тили мугалимдери Дилбара Байбосунова жана Ырыскан Аруновага терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да биргеликте ийгиликтерге жетебиз деген ишеничтебиз!