Акыл таймаш

2025-жылдын 17-апрелинде УИТМЛдин 10-класстарынын окуучуларына информатика, физика, математика, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча маалыматтар камтылган "Акыл таймаш " интеллектуалдык конкурсу болуп өттү.
 
Конкурсту география мугалими Зарнаева Назгүл Жакшылыковна жана информатика мугалими Асаналиева Чолпон Зарылбековна жетектеп, суроолорун даярдашып алып барышты. Жогорудагы сабактардын негизинде жалпы 6 категорияга бөлүнүп, 1-раунд Kahoot программасынын жардамы менен болду.
Ал эми 2-раундда ар бир сабакка карата ондон суроо түзүлүп, жыйынтыгы калыстар тобунун мүчөлөрүнүн жардамы менен чечилди.
 
Оюндун жүрүшүндө ар бир класстан экиден окуучу катышып, балдар үчүн берилген суроолор кызыктуу болуп, конкурс өз максатына жетти.
Жыйынтыгында 10-в классынын окуучулары Көкүлбаев Султан жана Жалилов Жавлан 1-орунга, 10-д классынын окуучулары Сагындыков Бекжан жана Айтбаев Эрбол 2-орунга, 10-и классынын окуучулары Темирбеков Чыңгыз жана Асанова Марал 3-орунга татыктуу болушту.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru