Жаштардын боорукердиги—келечектин тиреги
УИТМЛдин 9-б классы Бишкек шаарында жайгашкан "Аяр" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан жарандарга жылуу маанай тартуулоо максатында чакан концерттик программа уюштуруп, өз белектерин тапшырып, алардын күнүмдүк турмушун жакшыратууга жардам беришти. Мындан тышкаары борбордун короосундагы таштандыларды чогултуп, гүлдөрдү отургузуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү ишине жардам беришти.
Окуучулар борбордун жарандарына моралдык колдоо көрсөтүү менен бирге алар менен баарлашышып, көңүлдөрүн көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ар түрдүү оюн-зоок уюштурушуп, кызыктуу суроо-жооптор, ыр-бийлер жана жагымдуу каалоо-тилектери аркылуу борбордогу жарандардын көңүлүн ачышты. Андагы ар бир бейтап менен өзүнчө сүйлөшүшүп, алардын жашоого болгон үмүтүн жана ишенимин күчөтүүгө аракет жасашты.
Бул иш-чараны уюштуруу демилгесин мектептин социалдык педагогу Бактыгүл Беккелдиева көтөрүп, окуучулар арасындагы өз ара достук, ынтымак, боорукерлик жана кайрымдуулук сезимдерин калыптандыруу максатын көздөдү.
“Аяр” борборунун жетекчилиги мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип, жаштардын мындай демилгеси коомубуздагы жылуулукту жана адамгерчиликти арттыраарын белгилешти.