“Тамгалар даңктайт Манасты” китебинин бет ачары
2025-жылдын 22-апрелинде мектеп-лицейдин №2 корпусунда “Тамгалар даңктайт Манасты” аттуу китептин алгачкы бет ачар аземи болуп өттү. Китеп “Манас” улуттук академиясы тарабынан жарык көргөн.
Иш-чаранын алкагында биринчи класстын окуучулары китепте камтылган ырларды көркөм окуп беришип, бет ачарга келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Китептин бет ачарында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Манас” улуттук академиясынын вице-президенти Назира Аалы кызы сөз сүйлөп, “Тамгалар даңктайт Манасты” китеби аркылуу балдар кыргыз тамгаларын үйрөнүү менен бирге, улуттук дөөлөттөргө болгон сый-урматын арттырып, Манас эпосунун терең мазмунуна сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алышарын белгиледи.
Иш чарага академиянын кызматкерлери, окуучулар, ата-энелер жана белгилүү балдар жазуучулары, ырлардын авторлору Айдай Бекбоева, Аман Карымшаков жана Миргүл Наралиева катышты.