Билим майданы

2025-жылдын 21-апрелинде 6-класстар арасында өткөрүлгөн "Билим майданы" аттуу интеллектуалдык оюндун 3-туру ийгиликтүү жыйынтыкталды. Буга чейин биринчи жана экинчи турлардан иргелип, тандалып алынган эң мыкты окуучулар финалдык этапта өз билимдерин сынашып, бири-биринен өз ара күчтүү атаандаштыкты көрсөтүштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
I орун — 6-"д" классынын окуучусу Базарбаева Адина
II орун — 6-"г" классынын окуучусу Таласбекова Арууке
III орун — 6-"е" классынын окуучусу Балпаева Асинат

Жеңүүчүлөргө грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылып, уюштуруучулар тарабынан алардын эмгеги жана аракеттери жогору бааланды.

Интеллектуалдык оюн  кызыктуу жана достук маанайда өтүп, катышуучулар бир гана билим деңгээлин көрсөтпөстөн, логикалык ой жүгүртүү, тайманбастык сыяктуу сапаттарын да даңазалашты.

“Билим майданы” интеллектуалдык оюнунун негизги максаты окуучулардын предметтер аралык билимин тереңдетүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru