Улуттун улуулугу — наркында

 «Улуттун улуулугу — наркында» аталышындагы 3-«В» классы өткөргөн маданий тарбиялык иш-чара чыныгы улуттук рухтун майрамы болду! “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, кыргыз элинин улуулугун даңазалаган ырлар музыканын коштоосунда жаңырып, кыздардын “Сыйкырдуу куш” бийи жомоктогудай кооздукту тартуулады.

Иш-чаранын  максаты өсүп келе жаткан  муундун жүрөгүнө улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурастарды жана ата-бабалардан калган асыл салттарды сиңирүү.

Окуучулар сахнада өз таланттарын тартуулап гана тим болбостон, улуттук иденттүүлүктү терең сезүүгө жана сыймыктанууга үйрөнүштү. Сахналаштырылган чыгармалар, улуттук кийимдердин кооздугу, аткаруучулардын чечкиндүүлүгү жана чыгармачыл мамилеси көрүүчүлөрдү суктандырды. Балдар улуттук макал-лакаптарды, каада-салтты жана тилдин баалуулугун сахнада жандандырып, мураска болгон урмат-сыйын күчөтүштү.

Куратор Иманалиева Турсунай Жээнбековнанын жетекчилиги астында  уюштурулган маданий иш чара жогорку деңгээлде даярдалып, көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапты.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru