Улуу жазуучунун дүйнөсүнө саякат

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн утурлай мектеп-лицейдин Китеп клубу залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын тереңдетип окутуу боюнча окурмандар арасында конкурс жарыялап, чыгармадагы философиялык, моралдык жана гуманисттик идеаларды талдоого жана чыгармачыл чечмелөөгө багытталган иш-чара уюштурду.

Бул конкурс окуучулардын адабий талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, Айтматовдун чыгармаларындагы терең маанилерди түшүнүүгө жана аларды заманбап жашоо менен байланыштырууга өбөлгө түзөт.

Конкурста жеңүүчүлөрдү тандоо төмөндөгүдөй багыттар боюнча жүргүзүлдү:

  1. Адабий талдоо тереңдиги
  2. Философиялык жана моралдык идеяларды ачып берүү
  3. Гуманисттик көз караштын көркөм чечмелениши
  4. Чыгармачылык ыкма жана оригиналдуулук
  5. Заманбап жашоо менен байланыштыруу

Конкурстун жыйынтыгында Айтматовдун мурастарын терең түшүнгөн активдүү окурмандар Адилканова Жаркынай 5-г класс  1-орун, Телемишова Арууке 7-е класс 2-орун, Муканова Халима 5-г класс 3-орунга ээ болушту. Мындай иш-чара мектеп-лицейдеги адабий маданиятты өнүктүрүүгө, окуучуларды өз элинин улуу мурастарын изилдөөгө жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө багыт берет.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru